Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү «Ботош» кармалды

Бүгүн, 22-январда УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун 33 жаштагы мүчөсү О.А. кармалды. Ал кримчөйрөдө «Ботош» каймана аты менен таанымал. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Күч органдарынын маалыматына караганда, «Ботош» К.Асанбектин (Камчы Көлбаев) кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда жасалган бир нече кылмышка шектелүүдө.

«2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен О.А. үй камагына алынып, бирок анын эрежесин бузган», — деп айтылат маалыматта.