Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Ал капиталын өлкөдөн чыгарууга шектелүүдө

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү 1972-жылы туулган Б.Ш.С. кармалды, 29-ноябрда ага кылмышка кошо катышуу деп айып тагылып, 4-январга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Аталган жаран Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, ал кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап алып, акча чогултуп жатканын билип туруп, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен макулдашып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо аракеттерин жасап жүргөнү аныкталды. Тактап айтканда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктарды колдонуу менен чыгарып туруу менен алектенген. Андан соң, криптовалюта менен алектенген адамдар менен болгон байланыштары аркылуу, алынган каражаттарды чет өлкөдөн накталай акчага айлантып, “комиссиялык пайыздары” менен алып турган. Муну менен шектүү узак убакыт бою уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн капиталын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып турган.

Алынган маалыматтарга ылайык, ал Бишкек шаарынын аймагында бир катар кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылат, алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерге мыйзамдуулукту берип туруу үчүн колдонулган. Тактап айтканда, “Saloni” эмерек дүкөнүнүн, “Elegance” эмерек дүкөнүнүн, “Imperator” эмерек дүкөнүнүн ээси. Мындан тышкары, ал төмөнкү даректерде жайгашкан жер участокторуна ээ: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 68, 70, 72, жалпы аянты 1222 чарчы метринде учурда кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн курулушу жүрүп жатат.

Б.Ш.С. бардык кыймылсыз мүлк объекттерин өзүнүн жакын туугандарынын атына, анын ичинде энеси менен уулуна каттаткан. Тактап айтканда, апасынын наамына Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү аянты 300 чарчы метр болгон элиталык батир, Ахунбаев көчөсүндөгү аянты 406 чарчы метр болгон элиталык жер үй катталган. Ошондой эле, уулунун наамына Бишкек шаарынын Ош кесилиши дарегинде жайгашкан, 402 чарчы метр кымбат баалуу элиталык үй жана Рысмендеев көчөсүндөгү аянты 930 чарчы метр болгон үй катталган.