Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройдун жубайына да издөө жарыяланды

Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев жана криминалдык элемент Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы аныкталган. Көлбаев менен Рой “L.А.” жана «R» ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда Көлбаев жана Рой иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарына, анын ичинде Азим Ройдун жубайына катташкан. Мындан тышкары, сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литва жараны К.Г. киргизилген.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен Камчы Көлбаевге таандык экендигин тастыкташкан. 20-мартта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайына сыртынан айып тагылып издөөгө алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин УКМК Азим Ройдун өзүн да издөө жарыялаган. Ал жок кылынган Камчы Көлбаевдин өкүл атасы.