Камчы Көлбаевдин тууганы Ысык-Көлдөгү жерин мамлекетке өткөрүп берди

Камчы Көлбаевдин жакын тууганы жалпы аянты 1 гектарды түзгөн, имараттары бар жер тилкесин өз ыктыяры менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелеринин легализацияланышы боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Чолпон-Ата шаарындагы мурдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын жер участогу Камчы Көлбаевге тиешелүү адамдар тарабынан кылмыш жолу менен ээлик кылынганы аныкталган.