СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги УКМК менен байланышканыбызда Камчы Көлбаевдин түшүндүрүү иштеринен кийин эле бошотулганы маалым болду.
«Бул жерде жарандык жоопкерчилик», — дешти маалымат кызматынан.
- 16-ноябрда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев (Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча мыйзамга ылайык, кармалгандарга административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.
- Ал буга чейин 2020-жылдын октябрь айында кармалып, 2021-жылдын март айында бошотулган эле.