Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип ишкер кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун «Бишкек Нефть Компаниясы» ЖАКтын май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси Н.А.М. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды.
Кылмыш ишинин алкагында Н.А.М. «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен ишкерликти жүргүзүү үчүн колдоо алуу максатында байланыш түзгөндүгү, бул үчүн анын кылмыш ишин бир нече жолу каржылагандыгы жөнүндө далилдер алынды. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК тарабынан учурда аталган кылмыш ишинин алкагында жогорудагы укукка каршы жосундарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.