Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан криминалдык лидердин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулган. Алар көп жылдар бою эл керектөөчү товарларды (Кытайдан экспорттолгон товарлар) тартып алуу менен алектенип келишкен. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринен жана жарандарынан, кийин алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү – “Алтуха” деген  каймана аты менен белгилүү А.И., А.К., “Протез” каймана аты бар А.Ш. жана “Кения” каймана аты бар К.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына камалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан жалпы суммасы болжол менен 385 миң  долларды түзгөн эл керектөөчү товарларды алып жүргөн жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышканы аныкталган.