Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын аймагында туристтик сезондун алдында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, УКМК ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Бейбаштык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, жоюлган “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон А.У.Т. аттуу Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты аныкталды.
2022-жылы аталган A.У.T. жергиликтүү тургундар менен беттешип, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралдан Ы.Б.га бир нече жолу ок чыгарган, натыйжада ал сол далысынан жана сол билегинен жаракат алган. Ы.Б.га жана анын жакын туугандарына карата Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан күч колдонуу менен коркутуудан улам, жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн укук коргоо органдарына жана аймактык ооруканага кайрылбоого аргасыз болгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.