Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурадагы сурактан чыкты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Маалыматты бүгүн, 25-апрелде аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматынан ырасташты.

Буга чейин ал 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакырылган. 2010-жылы Ташиев “Ата-Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.