Камчыбек Ташиев: «Депутат Марат Аманкулов мыйзам алдында жооп берет»

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга болгон 2 күндүк иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 26-мартта Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов тууралуу да айтылды.

Ташиев мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иш козголгонун, депутат мыйзам алдында жооп бере турганын айтты. Ошондой эле Аманкулов чыгымдын кайсы бир бөлүгүн төлөгөнүн кошумчалады.

Буга чейин комитеттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирип, ага тиешелүү делген мүлктөр тууралуу маалымат тараткан.