Камчыбек Ташиев УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди

УКМКнын кызматкери бүгүн, 5-апрелге караган түнү кармалды. Ал ишкерлерден акча талап кылганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

«Кызматкер буга чейин Жалал-Абадда иштеген. Аны түнү кармадык, капитан көптөн бери ишкерлерден акча талап кылып жүргөн. Анан «кызматтан жогоруладым, жетекчилер менен бөлүшөм» деп алдап, ошол ишкерден дагы көбүрөөк акча талап кылган. Эми биздин арабызда дагы коррупционерлер бар. Бирок алардын саны өтө аз», — деди УКМК төрагасы.