УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
Кечээ, 11-март күнү УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери кармалды. Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.
Кармалган жарандар Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.