«Кампадан уурдаган тамекини Бишкекке алып келип сатып». Ысык-Көлдө уурулукка шектелген жаран кармалды

27-июль күнү Жети-Өгүз РИИБге арыз менен Тосор айылынын тургуну кайрылган. Арызында, 26-июль түнү Тосор айылындагы жайгашкан «Ракымжан» дүкөнүнүн кампасынын эшигин белгисиз адамдар талкалап кирип, кассадагы пакетке салынган майда тыйындарды, витринадагы тамекилерди жана видеокөзөмөлдөөнүн процессорун жулуп, уурдап кетишкендигин билдирген. Жабырлануучуга 150 миң сом материалдык чыгым келтирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен  кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Жети-Өгүз райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Ал Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Кылмышка шектүү катары кармалган жарандын айтымында, уурдалган тамекилерди Бишкек шаарына алып келип сатып, акча каражаттарын өз кызыкчылыгына пайдаланган жана дүкөндүн ичиндеги видеокөзөмөлдүн процессорун Боом капчыгайында агып жаткан дарыяга ыргытып салган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал Ысык-Көл облусунун  аймагында дагы 13 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып,  алар боюнча күнөсүн толук мойнуна алган. Райондук  соттун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.