Канча кыргызстандык чет өлкөлөрдөгү абакта кармалат?

Акыркы маалыматтар боюнча 1418 Кыргыз жараны чет өлкөлөрдө эркиндигинен ажыратылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

«Орусияда 1167, Казакстанда 83, Өзбекстанда 24, Тажикстанда 22, Түркияда 30, Иракта 41, Кытайда 12, Бириккен Араб Эмираттарында 13, Беларуста 3, Кореяда 12, Литвада 4, Италияда 10, Германияда 2, Грузияда 3, Австрияда 1, Арабияда 2, Малайзияда 2», — деди ал.

Ал ошондой эле Кыргызстанда соттолгон 263 чет өлкөлүк жаран жазасын өтөп жатканын айтты.