«Кант цемент заводунда» 51 жаштагы жумушчу каза тапты

Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан «Кант цемент заводунда» 51 жаштагы жумушчу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал чайыр эритүүчү чуңкурга түшүп кеткен.

Жерине Ысык-Ата райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.