Кантта 55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси суудан табылды

Кечээ, 4-апрель күнү Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы сууда (дренаж) 55 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.