Кантта эки студент каракталды. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат

Милиция каракчылыкка шектелгендерди издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

3-ноябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан институттардын биринин юристи арыз менен кайрылып, үч белгисиз адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал 2-ноябрда саат 20:30 чамасында Кант шаарынын көчөлөрүнүн биринде институттун 2 студентин карактап, Самсунг маркасындагы 2 уюлдук телефонун жана 12 700 сом акчасын алып кетишкенин айткан.

Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жазык кодексинин эски редакциясынын 201-беренесине (тоноочулук) ылайык катталган. Издөөдө жүргөндөр тууралуу маалымат болсо, 0701-02-25-28, 0557-17-75-85, 0706- 86-83-12, 0312 -61-69-07, 03132-5-21-47 номурларына кайрылсаңыздар болот.