Канттагы заводдо ири өрт чыгып, 1 адам каза болду

Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ири өрткө 4 күжүрмөн эсеп 5 өрт өчүрүүчү унаа, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10дө чектөөгө алынып, 15:37де өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр. Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1 кытай жараны каза болгон.