Каныш-Кыя айыл өкмөт башчысынан кийин эсеп палатасынын инспектору кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2025-жылдын май айында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландык текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыргандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен опузалап акча талап кылуу жолу менен 800 миң сом алган.

Өз кезегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектини куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчүлүктү ыйгаргандыгы үчүн подряддык компаниядан 10 пайыздык сый акы түрүндө акча каражатын алышкандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Эсеп палатасынын кызматкери кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ УКМК маалымат таратып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы кармалганын билдирген.  Маалыматка караганда, ал Жаңы-Базар айылына спорт залдын курулушуна тендерге катышып, аны жеңүү үчүн подрядчы компаниядан 25 миллион сомдун 10 пайызын сураган.