Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерлер Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалашкан.  2018-жылы Талас облусунун ККБ тарабынан «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган «Бийиктик Инвест» менен белгисиз себептер менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 миллион 73 миң сомго келишим түзүлгөн. Объекттин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалып, аткарылган иштердин көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буйрутмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган. Бирок атайын уюштурулган “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплекси” объектинин иш көлөмүн контролдук өлчөөнүн жыйынтыгында, иштердин айрым көлөмүн ашыкча 6 миллион 179 миң 952 сомго бааланганы аныкталып, Талас районунун ККБсынын адистеринин катышуусунда тиешелүү тартипте такталып, документтештирилген.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисинин катышуусунда подрядчы тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буйрутмачы кабыл алган факты аныкталып документтештирилди, бул кайра ашыкча иш аткарууну жана кошумча каражаттардын чыгымын талап кылат. Алынган далилдердин негизинде 10-декабрда Талас облусунун ККБ мурдагы жетекчиси, азыркы Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси жана “Бийиктик Инвест” ЖЧК подряддык уюмунун директору кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди.