Кар көчкү түшкөн Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен ачылды

Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 10-декабрда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 134-135-чакырымындагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабында болжол менен 4000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Жерине 3 куткаруучу тартылган. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө №9 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 грейдер тартылып, түнкү саат 00:15те унаа жол толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылды.