Кар көчкүдө дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери токтотулду

Алай районунда түшкөн кар көчкүдө дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат таратышты.

«2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагынын Терек айылында тоодон кар кар көчкү түшкөн. Ошол учурда мал карап жүргөн 2007-жылы туулган бала дайынсыз жоголгон. Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 30дай куткаруучу, 10 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, натыйжа болгон эмес. Кийин жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулду», — деп жазылат маалыматта.