Ысык-Көл облусунун Жети Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак жана Карасай айылдарына Барскоон айылынан алты автоунаага 1200 түк чөп жүктөлүп жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Кечээ кечки саат 21:30да Барскоон айылынан чыгып кеткен унаалар бүгүн, 5-июнда саат 14:30да Ак-Шыйрак айылына жетишти. Ошондой эле тоо арасында жашаган элден кабар алууга Жарандык коргонуу кызматынын мүчөлөрү — ӨКМ кызматкерлери, врачтар жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү кошо кетишкен.