Кара-Балта шаарында аялдын жансыз денеси табылды. Анын башы жок болгон

Чүйдө 1975-жылы туулган аялдын башы жок жансыз денеси табылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-июнда Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан дренаждан аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган милиция аял кишинин жансыз денесин тапкан. Жансыз денени кароо учурунда анын денесинде ар кандай тактар болгон жана жансыз денеде башы болгон эмес.

Аталган факты катоого алынып, Жазык кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маркумдун 1975-жылы туулгандыгы аныкталган. Кылмыш ишин ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.