Кара-Балта шаарында милиция кызматкерлери асынып алган жаранды аман алып калышты

Жайылда милиция кызматкерлери өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Окуя 16-февралда Жайыл районунун Кара-Балта шаарында болгон. Райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке барган ыкчам тергөө тобу үйдүн эшигин каккылаганда эч ким ачкан эмес. Бирок үйдүн жарыгы күйүп тургандыктан, ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери кошуналары тарабынан короого киришкен. Үйдүн ичине киришкен учурда эркек кишинин асылып турган денесин көрүшкөн. Эс-учун жоготуп асылып турган кишини дароо жиптен бошотуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Бактыга жараша ал киши аман калган.

Териштирүү учурунда ал 37 жаштагы жергиликтүү жашоочу экендиги такталып, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам аялы кетип калып, мас абалында ушул кадамга барганын билдирген. Кызматкерлер тарабынан ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кийин ал жаран өз учурунда жардамга жетишип келген кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген.