Кара-Балта шаарынын мэри кармалганы айтылууда

Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов менен шаардык муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдусамат Байышбаев кармалганы айтылууда.

Маалыматка караганда, УКМК калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун сарпталышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

УКМК бул боюнча маалымат бере элек.