Кара-Балтада 27 жаштагы жигит киши колдуу болду. Шектүү чек арадан кармалды

Кечээ, 5-апрель күнү саат 22:40 чамасында Кара-Балта шаарындагы “Алладин” караоке-кафесинде 1996-жылы туулган тургун киши колдуу болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кылмышка шектүү саат 03:00 чамасында Панфилов районунда жайгашкан Кыргызстан-Казакстан чек арасында «Чалдовар» өткөрүүчү постунан кармалды. 1991-жылы туулган Сокулук районунун тургуну болгон шектүү кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди.