Кара-Балтада башка атып өлтүрүлгөн жаран. Окуянын чоо-жайы (видео)

Жайыл районунда башына ок тийип өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. 1-декабрда саат 07:48 чамасында милицияга Кара-Балта шаарынын Западный кварталында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы жѳнүндѳ маалымат түшкөн. Милиция жерине барып, гаражда 1973-жылы туулган жарандын баш жагына ок атылып, өлгөн жансыз денеси табылган. Аталган факты Жайыл РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 1993-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармаоочу жайга киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмыш таарынычтан улам чыккан. 2022-жылдын июнь айында маркум шектүүнү сүзүп, күнөөсүн мойнуна албай, кайра тилдеп, окуя болгон жерден кетип калган. Шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Тергөө уланууда.