Кара-Балтада эркек киши поезддин алдына кирип кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөсү видео менен бөлүштү.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 21-мартта саат 19:50дө Кожомбердиев көчөсүндө болгон. Жаран аман калган, бирок абалы оор экени маалымдалды.
Азырынча «Кыргыз темир жолу» ишканасы маалымат бере элек.