Кара-Балтада Жигули унаасынын айдоочусу цистернаны сүзүп каза болду (видео)

Бүгүн, 17-январда Кара-Балта шаарында ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза таап, анын аты-жөнү учурда такталууда жана 22 жаштагы эркек киши жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Кырсык болгон жерге 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарган соң, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жаран Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.