Кара-Балтада жубайы менен урушкан жигит темир жолго жатып алып, ызы-чуу кылды

Кечээ, 23-октябрда социалдык тармактарда жигиттин поезддин жолуна жатып алганы, машинист токтотууга үлгүргөнү айтылган видео тараган. Видеодо айтылгандай, окуядан улам унаа тыгыны жаралган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 23-октябрда Жайыл РИИБге саат 09:30 чамасында «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирүү түшкөн. Анда Кара-Балтадагы Кожомбердиев көчөсүндө жүк ташыган поезд токтотууга мажбур болгону айтылган. Анда жигит темир жолго чыгып, берилген белгиге реакция кылган эмес. Териштирүүнүн журүшүндө 2001-жылы туулган жаран жубайы менен уруша кеткени аныкталган. Ал жубайын коркутуп, өз жанын кыймакчы болгон. Темир жолго чыгып, туруп алган. Поезд токтогон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарылат.