Кара-Балтада келин кичинекей баланы уруп, жерге ыргытып жиберген. Милиция эмне дейт?

Кара-Балтада келин кичинекей баланы уруп, андан кийин жерге ыргытып жиберген. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап жатат.

Бул окуя боюнча Чүй ОИИБинен комментарий беришти. Маалыматка караганда, факты реестрге каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуя 5-октябрда Кара-Балта шаарынын аймагында болгон. Видеодогу келиндин аты-жөнү аныкталды. 31 жаштагы жергиликтүү тургундун 4 баланын апасы экени такталган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.