Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан коомдук мончонун имараты менен аянты 0,21 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, жалпы 69 миллион 31 миң 200 сомго бааланган мончонун имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчигине кайтарылды.