Кара-Балтада Маданият үйүнүн алдына өрт койгон жигиттердин видеосу тараган. Видеодон алардын күйүүчү зат ыргытып жатканын көрүүгө болот.
25-августта Чүй ОИИБден билдиришкендей, факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Окуяга катыштыгы бар делген жарандардын баары милиция жеткирилген. Алардын Новониколаевка айылынын тургундары экени аныкталган. Жигиттер Жайыл РИИБге жеткирилип, суралган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлөт.