Кара-Балтада өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында бүгүн, 9-февралда эки кабаттуу турак үйдүн чатырынан аял киши секирем деп, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, аман-эсен аялды куткарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.