Кара-Балтада поезддин алдында калган киши каза болду. Окуянын чоо-жайы

Кара-Балтада эркек киши поезддин алдына кирип кеткен видео тараган. Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 21-мартта саат 19:50дө Кожомбердиев көчөсүндө болгон. Жаран аман калган, бирок абалы оор экени маалымдалган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кырсык тууралуу маалымат беришти. «21-мартта саат 19:55те Бишкек-Кайыңды жүргүнчү поездинин Кайыңдыга багыт алган айдоочусу Кара-Балта — Кайыңды тилкесинин 3718-чакырымында (Кожомбердиев көчөсү) жолдо адам болгондуктан поездди токтотууга аракет кылган. Эркек киши айдоочунун берген үн сигналдарына эч кандай реакция кылган эмес. Аралык жакын болгон үчүн кырсыкты алдын алууга мүмкүн болгон жок. Окуядан кийин укук коргоо органдарына жана Тез жардам кызматына кабар берилип, алар жабыркаган адамды ооруканага жаткырышкан», — деп айтылат маалыматта. 

Редакция Чүй ОИИБ менен байланышканыбызда, эркек кишинин каза болгонун билдиришти.