Кара-Балтада сабалган жигит. 2 шектүү кармалды

Кара-Балта шаарында ден соолукка оор залал келтирген эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалым болгондой, 26-ноябрда түнү Кара-Балта шаарындагы «Бруклин» кафесинин жанынан белгисиз адамдар 2002-жылы туулган жигитти сабап кетишкен. Ал Жайыл ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 30-ноябрда кылмышка шектүүлөр — 2000-жылы туулган Ж.К., 2001-жылы туулган Т.Т. кармалды. Аларга кылмыш иши козголуп, эки айга камалган. Бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.