Кара-Балтадагы кампада чыккан өрт өчүрүлдү

Кечээ, 3-июнь күнү саат 22:16 чамасында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында жайгашкан «Голден Магнат» ишканасынын 4 кабаттуу имаратынын 1-2-кабат кампасы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 22:18де 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 23:38де чектөөгө алынып, саат 02:00де күйүп жаткан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрт кырсыгынын кесепетинен кампанын болжол менен жалпы 250 чарчы метр жери күйгөн. Ал эми болжол менен 650 чарчы метр жери өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам сакталып калды.

Өрттүн кесепетинен жаракат алгандар жок.