Кара-Балтадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин имараты муниципалдык менчикке кайтарылды

Кара-Балтада саламаттыкты сактоо мекемесинин имараты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасына караштуу баасы 2 миллион 190 миң сом болгон имаратын жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Прокурордук текшерүү учурунда, Кара-Балта шаардык мэриясынын чечими менен жарандардын бирине жалпы аянты 224,20 чарчы метрди түзгөн аталган райондун бириккен аймактык ооруканасынын стерилизациялык бөлүмүнүн имараты мыйзамсыз түрдө менчикке берилгендиги такталды.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен мэриянын чечимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү прокуратуранын доо арызы толугу менен канааттандырылды. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы оорукананын имараты муниципалитеттин балансына кабыл алынды.