Кара-Балтадагы темир жол өтмөгүндө жеңил унаа менен поезд кагышты (видео)

Кара-Балтадагы темир жол өтмөгүндө жеңил машина менен поезд кагышты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

«29-июлда саат 03:00 чамасында Жайыл РИИБге Кожомбердиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо кырсык катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барганда 1987-жылы туулган жаран Audi үлгүсүндөгү унаасы менен шлагбаум жабылып турганына карабастан айдап өтүүгө аракет кылганы аныкталган. Ал тепловоз менен кагышып, анын кесепетине жаракат алган айдоочу менен жанындагы жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.