«Кыз да, жигит да жакшы үй-бүлөнүн балдары». Таласта киши колдуу болгон кыздын сөөгү бүгүн жерген берилет

Кечээ, 4-июнда Таласта киши колдуу болгон кыз бүгүн саат 15:00 чамасында жерге берилет. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жаңы-Жер айылынын тургуну билдирди.

«Кыз менен аны өлтүрүүгө шектелген жигит мурда классташ болушкан. Бала кийин башка айылга көчүп кетип, экөө кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн. Кыз шаарга барып окуйм деп жүргөн. Экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик ушундан улам чыккан окшойт», — дейт Жаңы-Жер айылынын тургуну.

Анын айтымында, каза болгон кыз ыйман жолунда жүргөн үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. «Кызды жоктоп ыйлап ата-энеси жана 6 эркек бир тууган ага-иниси калды. Кызды өлтүргөнгө шектелген бала да жакшы үй-бүлөнүн баласы эле. Мылтыкты кайдан тапканын, мындай жолго кандай барганына таң калып олтурган чагыбыз», — деп сөзүн улантты айыл тургуну.

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында 18 жаштагы кыз мылтыктын огунан каза болду. Аны өлтүрүүгө шектүү 19 жаштагы Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну асынган абалда табылды.