Кара-Буурада жапайы өскөн 2 тонна кара куурай жок кылынды

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чымгент айыл өкмөтүндө кара куурайлар чогултулуп, өрттөлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
 Чымгент айыл өкмөтүнө караштуу “Шалтак” участогунун арык жээктеринде, жол жээктеринде жана талаада жапайы өскөн кара куурайлар чогултулду. Айыл өкмөттүн, жер адисинин жана жергиликтүү тургундардын катышууусунда 2 гектар жер текшерилип, орок чалгы шаймандары менен чогултулуп, өртөө жолу менен 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды.
Кара-Буура районунун башка дагы аймактарында милиция кызматкерлери тарабынан талаалар текшерилип, аныкталган кара куурай өсүмдүктөрү жок кылынып, жергиликтүү тургундарга дагы аларды жоготуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.