Кара-Жыгач конушунда 9 жаштагы баланын жансыз денеси асылган абалда табылды

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Кара-Жыгач конушундагы үйлөрдүн биринде өспүрүмдүн асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Ал жерге милиция кызматкерлери барып, 2012-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан. Анын денесин кароо учурунда, криминалдык тактар байкалган эмес. Факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.