Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз алып чыгуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

Нарын облусунун Жумгал районунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-декабрда «Мики Чор» жана «Саяк» каймана аты бар Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

Буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган. Ошентип, алар 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.