Кара-Кече көмүр кенинде өрт чыкты

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айыл аймагында жайгашкан Кара-Кече көмүр ишканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт болжол менен саат 08:30 чамасында ишкананын аймагында жайгашкан контейнерден чыккан. Мындан улам тилсиз жоону өчүрүүгө Жумгал районунан өрт өчүрүүчү бир бөлүм тартылып, саат 10:05те өрт толугу менен чектөөгө алынган.

Өрттүн кесепетинен жүк ченеген таразалардын бири өрттөнгөн.

«Болжолдуу маалымат боюнча, жүктүн салмагын тарткан жердеги электр зымдарынан өрт чыккан. Контейнердеги компьютер, отургучтар күйгөн. Өрт көмүр казуу ишине таасирин тийгизген жок. Жумуш штаттык режимде уланып жатат. Жакынкы күндөрү күйгөн жер калыбына келтирилет. Документтер башка жүк ченеген жайда болчу, аларга зыян келген жок», — деп билдиришти ишканадан.