Кара-Кече көмүр кенине 25 оор жүк ташуучу унааны кезексиз киргизип жибергендер жазаланды

Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде унааларды кезексиз киргизген кызматкерлер жазаланат. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Кеченин коопсуздук кызматынын кызматкерлери 15-январга караган түнү саат 00:30да 25 оор жүк ташыган унааны кезексиз кенге киргизип жиберишкен. Ишкана тарабынан видео-архивинде байкоо жүргүзүлүп, жумушка болгон шалаакылык мамиле жасалганы такталган.