Соцтармактарда Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыкканы, буга байланыштуу ок атылып, айрым айдоочулар жараат алганы айтылып жатат. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «Кыргыз көмүр» ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова менен байланышканда, маалыматты тастыктап, учурда кенде штаттык режимде иш жүрүп жатканын айтты. Бирок чырдын себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.
«Азыркы учурда Кара-Кечеде абал тынч. Баары штаттык режимде иштеп жатат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча «Альфа» кызматкерлери менен айдоочулардын ортосунда үчүнчү күчтөр чагымчылдык аракеттерин кылышкан. Бул окуя бир нече күн мурда болгон», — деди ал.