Кара-Кечеде жүргөн жер көчкү. Көмүр кени ишин улантууда (сүрөт)

Кечээ, 3-ноябрда саат 13:30 чамасында Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кениндеги №27 тилкесинде тоо тектин урап түшүүсү катталган. Көлөмү болжол менен 30 миң метр кубду түздү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” менчик ишканасынын 1 экскаваторун басып калган. Жабыркагандар жок. Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Тартылган күчтөр тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, тазалоо иш-чараларын “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” менчик ишканасына милдеттендирилген. Азыркы учурда көмүр кени штаттык режиминде иш алып барууда.