Кара-Кечеден 170 тонна көмүр алып кетип, акчасын бербей жүргөндөр кармалды

Кара-Кече кенинен 170 тонна көмүр алып, бирок акчасын бербей жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын январь айында Ички иштер министрлигине Бишкек шаарынын тургуну, жеке ишкер арыз менен кайрылган. Өзүнүн айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында бейтааныш жарандар Жумгал районуна караштуу Кара-Кече кенинен 170 тонна көмүр алып, акчасын кийинчерээк алып келип беребиз деп, бирок ушул кунгө чейин беришкен эмес.

Бул факт Нарын ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Ошондой эле ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ак-Талаа районуннун 1978-жылы туулган тургуну М.С. жана Бишкек шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Ч.Р.ны кармашты. Шектүү М.С. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Кармалгандар Нарын ОИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.