Кара-Көлдө 47 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүү кармалып, окуя тууралуу айтып берди

Кара-Көл милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абал ОИИБден билдиришти.

20-март күнү саат 04:30 чамасында милицияга Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу Кара-Көл шаарынын прокурору менен окуя болгон жерге барган учурда 47 жаштагы эркек кишинин денесиндеги жарааттары менен каза болгон жансыз денеси табылган. Бул окуя Кара-Көл ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1980-жылы туулган кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү менен каза болгон жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, сөз талаштан уруш чыгып, шектүү каза болгон жаранды уруп койгондугу белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.